Понедельник, 23 ноября

Нуржигит Кадырбеков (Биография кандидата в депутаты ЖК КР)

6+

(Биография)

Нуржигит Кадырбеков 1977-жылы 31-мартта Ош облусунун Кара-Кулжа районунда төрөлгөн.

АКШдагы Канзас университетинин журналистика жана масскоммуникация факультетин аяктаган. Андан кийин Япониядан эл аралык байланыш жана мамлекеттик башкаруу боюнча магистратурадан окуган.

Эмгек жолу:

  • 1999 – 2005 — Ош мамлекеттик университети, юридика факультети менен журналистика бөлүмүнө сүйлөө маданияты боюнча сабак берген;
  • 2001 – 2002 — Юстиция министрлигинин Ош облусундагы башкармалыгында жетектөөчү адис;
  • 2002 – 2003 — Ош мамлекеттик университетинде юрист;
  • 2004 – 2005 — Ош мамлекеттик университетинде ректордун укук маселелери жана коомчулук менен байланышуу боюнча кеңешчиси;
  • 05.2005 – 08.2008 — КР Тышкы иштер министрлигинин маалымат кызматында биринчи категориядагы адис;
  • 08.2005 – 11.2005 — КР Тышкы иштер министрлигинин маалымат кызматынын жетекчиси;
  • 2005 – 2007 — КР тышкы иштер министринин маалымат катчысы;
  • 2009 – 2010 — КР президентинин катчылыгында эксперт-аналитика менен камсыздоо кызматынын коммуникация тобунун эксперти;
  • 02.2010 – 04.2010 — КР президентинин катчылыгында маалымат кызматынын маалыматтык колдоо тобунун эксперти;
  • 04.2011 – 08.2011 — Кыргызстандын ишкерлер кеңешинин директорунун милдетин аткаруучу;
  • 2012 – 2013 — КР Тышкы иштер министрлигинин маалымат, басма сөз жана маданият башкармалыгынын жетекчиси;
  • 2013 – 2015 — КР президентинин аппаратынын этникалык дин саясаты жана жарандык коом менен иштешүү бөлүмүнүн жетекчисинин орун басары;
  • 02.2015 — 03.2019 — “Ыйман” диний маданиятты өнүктүрүү коомдук фондусунун башкаруучулугунун төрагасы;
  • 2019-жылдын 12-мартынан тарта маданият, маалымат жана туризм министринин орун басары.

Бир нече чет тилин билет.

ПО ТЕМЕ:
Лидером политической партии “Ыйман Нуру” избран Нуржигит Кадырбеков

Видео Съезда Политической партии “Ыйман Нуру” с выступлением Нуржигита Кадырбекова

Үй-бүлөлүү.

6+
Spread the love

1 комментарий

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *