Понедельник, 23 ноября

“Ыйман Нуру” саясий партиясынын расмий билдирүүсү

6+

Урматтуу мекендештер!

Азыркы татаал кырдалга ылайык сиздерди, өзгөчө бизди колдогон шайлоочуларыбызды, сабырдуулукка чакырабыз. Саясий абал кайсы жагдайга ооп кетишине карабастан, “Ыйман Нуру” саясий партиясы мыйзамдуулук талаасында бекем турат.  

Биз 04-октябрда өткөн шайлоонун натыйжасын тааныбайбыз. Ошондуктан, Борбордук шайлоо комиссиясын Форма №2 боюнча берилген добуштардын кескин түрдө көбөйүшүнө эмне негиз болгондугу боюнча так талданган маалымат таратууңузду өтүнөбүз. Ошондо өлкөдөгү акыркы күндөрдөгү түзүлгөн саясий чыңалууну жоюуга өбөлгө түзүлөт деген ишеничтебиз.

Жогоруда аталган саясий кубулуштарды мыйзам талаасына алып келип, жана саясий чыңалыштарды жоюу үчүн кайра шайлоо өткөрүү зарыл экендигин баса белгилейбиз.

Нуржигит Кадырбеков,

“Ыйман Нуру” саясий партиясынын Төрагасы

Бишкек ш., 06.10.2020-ж.

6+
Spread the love

1 комментарий

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *